Site icon Reporter.kg

Экс-депутат Мээрбек Мискенбаев сурак берип чыкты — видео

Жогорку Кеңештин экс-депутаты Мээрбек Мискенбаев Ички иштер министрлигинин тергөө кызматына сурак берип чыкты. Видеону Facebook баракчасына Кундуз Жолдубаева жарыялады.

Мээрбек Мискенбаев тергөө амалдары боюнча ачыкка чыгарбоо келишимине кол койгонун билдирди.

Ошол эле учурда мурдагы эл өкүлү блогер Ырыс Жекшеналиевге козголгон кылмыш иши бир жактуу жүрүп жатат деп эсептейт.

Эске салсак, активист Ырыс Жекшеналиев фейсбуктагы «Полит Узник» баракчасында УКМКнын мурдагы төрагасы Абдил Сегизбаевдин Жетим-Тоо боюнча архивдик билдирүүсү жарыяланганы үчүн кармалып, иш козголгон. Ал эки айга камакка алынган.

Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Exit mobile version