Site icon Reporter.kg

Экс-депутат Өмүрбек Абдрахманов 76 жашында дүйнө салды

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, коомдук жана саясий ишмер Өмүрбек Абдрахманов 76 жаш курагында каза болду.

Ал 1948-жылы 19-декабрда Жалал-Абад облусунун Акман айылында туулган. Эмгек жолун 1974-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин комсомол комитетинде баштаган. 2006–2007-жылдары “Реформалар үчүн”, “Бириккен фронт” кыймылдарынын активдүү мүчөсү болгон. 2008–2010-жылдары АКШда саясий эмиграцияда жашаган.

Абдрахманов — Кыргызстан демократиялык кыймылынын негиздөөчүлөрүнүн бири жана “Депутаттык азилдер” аттуу саясий сатира жыйнагынын автору. 2010-жылы “Ата Мекен” партиясынын тизмеси менен V чакырылыштагы депутат болуп шайланган.

Маркумдун жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтабыз.

Exit mobile version