Экс-депутат Садыр Жапаровду Нобель сыйлыгына көрсөтүүнү сунуштады

Экс-депутат Садыр Жапаровду Нобель сыйлыгына көрсөтүүнү сунуштады

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Номанжан Аркабаев президент Садыр Жапаровду Нобель сыйлыгына көрсөтүүнү сунуштады.

Аркабаев өз сунушун “Фейсбук” баракчасына жазган.

Ал Садыр Жапаровду Кыргызстандагы адам укугун коргоо, мыйзамдуулукту камсыз кылуу багытындагы талбаган аракеттери үчүн аталган сыйлыкка көрсөтүү зарыл деп эсептейт.

“Ал мамлекетибизде мыйзамдуулукту орнотуу, адам укугун коргоону күчөтүү багыттарында соңку 15 жылдай мезгилде башына түшкөн тозоктун оор, тирүү жан чыдагыс сыноолоруна карабастан, бул багыттагы күрөштүн башында туруп келди. Бир кезде адам укугун коргоого өз өмүрүн арнаган, кийинчерээк ЮАРдын Президенти болуп шайланган Нельсон Манделага адам укугун коргоодогу кошкон салымы үчүн Нобель сыйлыгы ыйгарылган. Биз да, кыргыз коомчулугундагы прогрессивдүү күчтөр, мекенчил Садыр Нургожоевичтин талапкерлигин Нобель сыйлыгына көрсөтүүгө неге болбосун? Ал Кыргызстандагы өзүнүн адам укугун коргоо, мыйзамдуулукту камсыз кылуу багытындагы талбаган аракеттери үчүн Нобель сыйлыгына татыктуу экендиги талашсыз. Урматтуу мекенчилдер, келгиле ушул идеяны ар тараптан колдоп чыгалы жана иш жүзүнө ашыралы”, — деп жазат Аркабаев.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>