Экс-элчи Аттокуров: Кыргызстанда Орусияга кошулуу мүмкүнчүлүгү талкууланууда

Экс-элчи Аттокуров: Кыргызстанда Орусияга кошулуу мүмкүнчүлүгү талкууланууда

Кыргызстанда Орусияга кошулуу мүмкүнчүлүгү талкууланып жатат. Бул тууралуу Москвадагы кыргыз диаспорасынын төрагасы, Кыргызстандын Орусиядагы экс-элчиси Раимкул Аттакуров Pravda.ru порталына берген видео маегинде айткан.

 «Тарыхый тагдыр бизди чогуу болууга алдын-ала чечкен. Биз көптөгөн кылымдардан бери бирге болуп келе жатабыз. Биздин жалпы тарыхыбыз жана узак мөөнөттүү келечегибиз бар. Азыр көпчүлүк кыргызстандыктар Орусиянын курамына кирүү үчүн Россия Федерациясына кайрылууну ойлоп жатышат «, — деди Аттакуров.

Мындай сүйлөшүүлөр чындыгында эле Кыргызстанда болуп жатабы же жокпу деген суроого мурдагы элчи «ооба» деп жооп берген.

Аттакуров «Кыргызстан мурдагы СССРдеги орус тили мамлекеттик, конституциялык тил статусуна ээ болгон жалгыз өлкө» деп белгиледи.

«Эл өзү муну колдойт. Анан албетте, биздин Евразия экономикалык бирлигинде болушубуз көптөгөн багыттарда оң таасирин тийгизип жатат ”, — деди Орусиянын президентинин алдындагы этностор аралык мамилелер боюнча комиссиянын эксперти.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>