Экс-мэр Айтмамат Кадырбаевдин инисин сабаган кылмыштуу топтун дагы бир мүчөсү кармалды

Экс-мэр Айтмамат Кадырбаевдин инисин сабаган кылмыштуу топтун дагы бир мүчөсү кармалды

Оштун экс-мэри Айтмамат Кадырбаевдин инисинин сабалышына катыштыгы бар делип уюшкан кылмыштуу топтун дагы бир мчүөсү кармалды.

Шектүү катары кармалган Т.И. аттуу 33 жаштагы адам 2020-жылдын 11-январь күнү “Казак” каймана аты менен белгилүү Умар Маратов менен бирге Айтмамат Кадырбаевдин иниси Улан Раимбековду сабап, капчыгын жана травматикалык тапанчасын алып белгисиз тарапка изин жашырып качып кетишкен.

“Казак” каймана аты бар Умар Маратов  бул окуядан кийн эле кармалган.

Ал эми шериги 24-июнь күнү кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Ал ИИМдин каттоосунда уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары турат, криминалдык статусу “положенец”.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>