Site icon Reporter.kg

Экс-мэр мыйзамсыз менчиктештирген бала бакча мамлекетке кайтарылды

Чүйдүн Ысык-Ата районунун Советская айылында жайгашкан бала бакча мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу УКМК билдирди.

Маалыматта айтылгандай, 140 орундуу бала бакчаны 2005-жылы Ош шаарынын экс-мэри Ч.С. мыйзамсыз менчиктештирген.

Көрүлгөн чаралардын натыйжасында, аянты 0,53 га жери бар бала бакча мамлекетке кайтарылды.

Exit mobile version