Site icon Reporter.kg

Алымкадыр Бейшеналиев жаңы кызматка дайындалды

Экс-министр Алымкадыр Бейшеналиев Чолпон-Ата шаарындагы «Алтын балалык” ден соолукту калыбына келтирүү борборунун директору болуп дайындалды. Бул тууралуу маалыматты Саламаттыкты сактоо министрлигинен тастыкташты.

Маалыматка караганда, аны дайындоо боюнча буйрукка саламаттыкты сактоо министринин милдетин аткаруучу Жаркынбек Касымбеков кол койгон.

Буга чейин Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык, Алымкадыр Бейшеналиев Саламаттыкты сактоо министри кызматынан бошотулган.

“Алтын балалык” борбору расмий түрдө 2022-жылдын 1-июнунда ачылган. Аны Алымкадыр Бейшеналиев бүтүргөн. Борбордун ачылышында президент Садыр Жапаров курулуш иштерин бүтүргөн ошол кезде министр болуп турган Алымкадыр Бейшеналиевге ыраазычылык айткан.

Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Exit mobile version