Site icon Reporter.kg

Экс-министрдин иниси Аксыга аким болду

Аксы районуна жаңы аким дайындалды. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти. 

Маалыматка караганда, Шакиев Жыргалбек Тургунбекович Жалал-Абад облусунун Аксы районунун мамлекеттик администрация башчысы — акими болуп дайындалды.

Тиешелүү буйрукка Премьер-министрдин милдетин аткаруучу, биринчи вице-премьер-министр Артём Новиков кол койду.

Жыргалбек Шакиев, мурдагы маданият министри Нурланбек Шакиевдин бир тууган иниси. 

Өткөн парламенттик шайлоодо “Мекеничил” партиясынын тезмесинде 23-болуп талапкер катары катышкан.   

Белгилей кетсек, кечээ, Аксы-Ала-Бука автоунаа жолун 300 адам тосуп, акимди жана райондук милициянын кызматтан кетүүсүн талап кылышкан. Аталган адамдар иштен кеткен соң гана тарап, унаа жол ачылган.  

Exit mobile version