Кыргызстандын экс-премьер-министри Николай Танаев 75 жашында узакка созулган оорудан улам көз жумду. Бул тууралуу маркумдун жакындары билдиргенин жергиликтүү маалымат булактары жазып чыгышты.
Николай Танаев 2002-жылдан 2005-жылга чейин Аскар Акаев президент учурунда премьерлик кызматы ээлеп турган.
Танаев өмүрүнүн акыркы жылдарында Санкт-Петербург шаарында жашап жүргөн.