Site icon Reporter.kg

Экс-президент Дональд Трамп 110 миң доллар айыпка жыгылды

United States President Donald J. Trump, right, and First lady Melania Trump stand for a photo with the President of Ecuador Lenín Moreno and his wife Rocio Gonzales De Moreno outside the White House in Washington D.C., U.S. on Wednesday, February 12, 2020. Credit: Stefani Reynolds / CNP/AdMedia

Нью-Йорктун соту АКШнын мурунку президенти Дональд Трампты 110 миң доллар айыпка жыкты, деп жазат CNN телеканалы.

Нью-Йорктун соту сотту сыйлабагандыгы тууралуу Трампка каршы чечимди жокко чыгарып, бирок ага 110 миң доллар өлчөмдө айып төлөөнү милдеттендирди”, — деп айтылат маалыматта.

Буга чейин экс-президентке каржылык ишмердүүлүк боюнча суралган документтерди берүү буйругун аткарбагандыгы үчүн айып тагылган. Ошондой эле сот Trump Organization уюмунда документацияларды жок кылуу практикасын жана калган кагаздарды 20-майга чейин изилдеп чыгууну талап кылган.

Мындан улам Дональд Трампка сотту сыйлабагандыгы үчүн күн сайын 10 миң доллардан айып төлөө милдеттендирилди.

Exit mobile version