Экс-президенттин жактоочусу: Сооронбай Жээнбеков сотко барууга милдеттүү эмес

Экс-президенттин жактоочусу: Сооронбай Жээнбеков сотко барууга милдеттүү эмес

Экс-президент Сооронбай Жээнбековдун адвокаты ал мурдагы вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиевдин иши боюнча сотко барууга милдеттүү эмес деп эсептейт. Бул тууралуу «Азаттык» жазды.

29-январда адвокат Жыргалбек Бабаев маалымат таратып, Зилалиев өз ишине саясий өңүт берүү аракетин көрүп жатканын билдирди:

“Жээнбековдун бул ишке эч тиешеси жок, фигурант да эмес, күбө да эмес. Ошондуктан сотко барууга да милдеттүү эмес. Экс-президент деген статусун айтпаганда да сотко барууга эч бир жүйө жок. Биз расмий билдиребиз – Зилалиевдин “банктан алынган акча Жээнбековдун шайлоо өнөктүгүнө камдалып, анын өзүнө тапшырылган” дегени курулай жалаа, ишке саясий боек берүүгө жасаган далалаты. Зилалиев сейфтик кутуча ачып, бул банктын кызматынан 2011-жылдан бери пайдаланып келген. Кутучаны 2016-жылы июлда бир жылга ачкан. 2017-жылы июлда мөөнөтү аяктап, аны улантуу же жабуу керек болгон. Эгер кардар өзүнүн буюмуна келбесе, банк кутучаны жабат. Банк комиссия түзүп, кутучаны ачкан, ал видеого тартылган. Эки жумадан кийин Зилалиев кутучадагы акчаны алып кеткен”.

Жээнбеков Кыргызстандын президенти болуп 2017-жылы 15-октябрда алты жылга шайланып, 2020-жылдын 15-октябрында мөөнөтүнөн мурда кызматтан кеткен. Буга парламенттик шайлоодон кийинки башаламандык себеп болгон. Президенттике чейин, 2016-жылдын 13-апрелинен бери премьер-министр болуп иштеген. Зилалиев ошол учурда вице-премьер болчу.

Жээнбеков Зилалиевдин иши боюнча сотко чакырылганын, ишти карап жаткан Бишкек шаардык сотунда ушундай чечим кабыл алынган. 

Сооронбай Жээнбеков суракка күбө катары чакырылган. Ал «Оптима Банктын» сейфинен 1 миллион доллардын табылышы боюнча суралат.

Маалыматтарга караганда Жээнбеков суракка 3-февралга келиши керек.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>