Жогорку Кеңештин экс-төрагасы Мукар Чолпонбаев коронавирус жуктуруп алып Бишкектеги жугуштуу илдеттер ооруканасында дарыланууда. Бул тууралуу республикалык штабдан кабарлашты.
Маалыматта айтылгандай, экс-спикер 5-май күнү ооруканага түшкөн.
“Анын ден соолугунун абалы начарлашына байланыштуу, 12-майда оорукананын жандандыруу жана интенсивдүү терапия бөлүмүнө которулган. Бүгүнкү күндө бейтап өпкөнү жасалма дем алдыруу аппаратында жатат, абалы оор деп бааланууда”, — деп айтылат маалыматта.
“Спутник” маалымат агенттиги Мукар Чолпонбаев аялы дагы коронавирус жуктуруп, ооруканада жаткандыгын жубайлардын кызына таянып жазып чыкты.