Эксперт доллардын курсу кайсы айга чейин төмөндөп, кайра көтөрүлөрүн айтты

Эксперт доллардын курсу кайсы айга чейин төмөндөп, кайра көтөрүлөрүн айтты

Кыргызстанда 13-декабрдан тарта доллардын сомго карата курсу төмөндөй баштады. Бир күн ичинде 1.78% төмөндөгөн. Бул маалыматты республиканын Улуттук банкы билдирди.

Америка валютасынын төмөндөөсүн, өлкөдөгү иш активдүүлүгүнүн күчөшү менен шартталат. Бул тууралуу эксперт Денис Бердаков билдиргенин «Акчабар» жазды.

Денис Бердаков доллардын наркынын төмөндөөсүн, өлкөдөгү иш активдүүлүгүнүн күчөшү менен шарттаган. Ишкерлер эки айлык тыныгуудан соң, соодаларын жүргүзө башташты. Бул үчүн аларга америкалык валютанын олуттуу көлөмү керек болчу, анын өлкөдөн агылышы менен ички рынокто тартыштык пайда болгон. Учурда Кыргызстанда валюта рыногунун  абалы акырындап турукташууда. 

Бирок, эксперттин билдиргенине ылайык, Кыргызстанда доллардын курсунун түшүшү, дүйнөлүк рынокто рублдун наркы бекемделип жатканы менен байланыштуу. Анткени, улуттук валюта орусия валютасы менен тыгыз байланышта.

«Эгерде маселени глобалдуу түрдө карай турган болсок, буга чейин  доллардын куну өнүккөн өлкөлөрдүн валютасы алдында төмөндөп жатканы байкалган, азыр болсо абал түп-тамыры менен өзгөрдү. Азыркы учурда доллар өнүгүп жаткан өлкөлөрдүн валютасы алдында төмөндөй баштады, тагырагы , лирага, түштүк африкалык рант жана башка валюталарга карата»,— деп билдирди Бердаков.

Андан сырткары, эксперт белгилеп кеткендей, сомдун бекемделишинин ички дагы себептери бар. Пандемияга байланыштуу калктын кирешеси бир топ төмөндөп кеткен. Буга чейин доллар менен сакталган амантаттардын басымдуу бөлүгү сомго которулган. Бул каржы көлөмдүн баардыгы тең ички рыноктогу талаптын төмөндөөсүнө алып келет.

«Доллардын  төмөндөөсү узакка созулбайт. Жазында доллар өзүнүн позициясына кайтып келип, 85 сомду түзөт»,— деп түшүндүрдү Денис Бердаков.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>