Марлен Маматалиев: «Коопсуз шаардын» айып пулдарынын көлөмүн азайтуу керек

Марлен Маматалиев: «Коопсуз шаардын» айып пулдарынын көлөмүн азайтуу керек

Бүгүн, 25-мартта Жогорку Кеңештин жыйынында «ар кандай» маселелер саатында депутат Марлен Маматалиев «Коопсуз шаардын» айып пулдарынын көлөмүн төмөндөтүүнү сунуштады.

Эл өкүлү учурда элдин абалы оор, кыйналып жатканын айтты.

Учурда элде кризис бардыгы кымбат, дүкөндөргө чейин карыз болуп жатышат. Биз «Коопсуз шаар» долбоору менен эреже сактоо тартибин орноттук. Убакыт, учур келди, айып пулдардын көлөмүн азайталы. Мисалы, айдоочу айып пулду төлөйүн деп барса кошумча туум эсептеп, эки эсе кылып төлөтүп жатасыздар, эмне финансылык орган белеңер антип төлөтүүгө.Эгерде өкмөт макул болсо, мыйзамга өзгөртүү киргизели. Мас болуп унаа айдагандардын эмес, кызыл жол чыгарынан өтүп кеткендерге эмес, башка категориядагылар боюнча айып пулдун көлөмүн азайтууну айтып жатам, — деди Маматалиев.

Белгилей кетсек, Бишкек шаарында айдоочулар “Коопсуз шаардын” алкагындагы айып пулдардын өлчөмүнө каршы митингге 4-апрель күнү саат 12:00дө “Ала-Тоо” аянтына чыгарын билдиришти.

Иш-чарада айып пулдун өлчөмүн жарандардын орточо эмгек акысына туура келтирүүнү талап кылынат. Айып пул айлык акыга, кирешеге жараша кайрадан эсептелип, төмөндөтүлүүсүн талап кылышат.

Бишкекте айдоочулар апрелде митингге чыгышат

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>