Учурда иш-аракеттер алгоритми макулдашылып жатат. Мүмкүнчүлүгүнө жараша ар бир авиакомпания өзүнүн даталарын сунуштоодо – качан жана канча жолу каттамдарды ишке ашырат. Бул тууралуу бүгүн, 4-июнда жарандык авиация агенттигинин директору Курманбек Акышев билдирди.
Анын айтымында, азыркы учурда эл аралык каттамдардын жүгүртмөсү жана учуулардын жыштыгы иштелүүдө. Алдын ала алгоритмге ылайык, жумасына 17-16 каттам, күнүнө 2-3 каттам уюштуруу пландалып жатат.