Эл аралык федерация Беларусту хоккей чемпионатын өткөрүү укугунан ажыратты

Эл аралык федерация Беларусту хоккей чемпионатын өткөрүү укугунан ажыратты

2021-жылдагы хоккей боюнча чемпионат Беларустун борбору Минскиде өтпөй калды. Мындай чечимди Эл аралык хоккей федерациясы 18-январда жарыялады. Федерация мындай кадамга коопсуздук маселелеринен улам барып жатканын түшүндүрдү.

«Эл аралык федерация Беларуста өтчү чемпионат учурунда команда мүчөлөрүнүн, көрөрмандардын жана расмий коноктордун коопсуздугун камсыз кылуу мүмкүн эмес деп аныктады», деп айтылат билдирүүдө.

Бул кабарды Эл аралык хоккей федерациясынын президенти Рене Фазел да бышыктады.

2021-жылдагы чемпионат Беларуста жана Латвияда өтмөк. Эми спорттук иш-чара Латвияда эле өтөбү же Беларустун ордуна башка бир өлкө тандалабы — азырынча белгисиз.

Буга чейин оппозиция өкүлдөрү, Латвия, ошондой эле чемпионаттын башка бир катар катышуучулары Минск тынчтык акцияларын ырайымсыздык менен баскандыктан, хоккей федерациясын бул турнирди Беларуста өткөрбөөгө чакырып келген. Чемпионаттын башкы демөөрчүлөрү — «Škoda» жана «Nivea» спорттук иш-чараны колдобой турганын жарыялашкан.

Беларуста 2020-жылдын августундагы президенттик шайлоонун жыйынтыгына байланыштуу нааразычылык акциялары дагы эле уланууда. Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоодо Александр Лукашенко жеңгенин жарыялаган. Бирок бул жыйынтыкты оппозиция да, көз каранды эмес байкоочулар да тааныган жок.

Беларустун коопсуздук күчтөрү бир нече айдан бери Лукашенкого каршы нааразычылык акцияларын катуу басып келатышат. Миңдеген адамдарга айып салынып, камакка алынды, көпчүлүгү катуу сабалганын айтып чыкты. Ондогон демонстранттар желим октордон жана гранаталардын сыныктарынан жараат алып, бир нече киши каза болду.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>