Site icon Reporter.kg

Эл аралык издөөдө жүргөн кыргызстандык жаран Москвадан кармалды — сүрөт

Алдамчылык менен издөөдө жүргөн кыргызстандык жаран Москвадан кармалды. Ал Кыргызстандын Орусиядагы Ички иштер министрлигинин өлкүлчүлүгүнүн жардамы менен колго түшкөн. Бул тууралуу ИИМдин коомчулук менен байланыш бөлүмү билдирди.

Ички иштер органдары издөөгө алынып, башка өлкөнүн аймагында жышырынып жүргөндөрдү аныктоо жана кармоо боюнча иштерди улантып жатат.

«Издөө иштеринин натыйжасында, издөөдө жүргөн Кыргызстандын жараны, Ош облусунун тургуну 1967-жылы туулган С.Ш. кармалды. Ал Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 204-беренесинин 2-бөлүмүнүн 3-пунктунда, 3-бөлүгүндө (Алдын ала сүйлөшүү аркылуу адамдардын тобу тарабынан өзгөчө ири өлчөмдө жасалган алдамчылык) көрсөтүлгөн кылмыштарды жасагандыгы үчүн издөөдө жүргөн.

2015-жылы С.Ш. өзүнүн шериктери менен жабырлануучунун ишенимине алдоо жолу менен кирип, банкты ачуу шылтоосу менен акча каражатын алып, изин жашырып качып кетишкен. Жыйынтыгында жабырлануучуга 2 млн 350 миң сомдук материалдык зыян келтиришкен. Азыркы учурда издөө алган тарап-Кадамжай РИИБи кабарланды», — деп маалымдашты.

Мыйзамга ылайык кылмыш жоопкерчилигине тартуу боюнча тиешелүү чаралар көрүлүүдө.

Exit mobile version