Эл аралык издөөдө жүргөн кыргызстандык жаран Орусиядан кармалды

Эл аралык издөөдө жүргөн кыргызстандык жаран Орусиядан кармалды

Документтерди жасалмалап,  үй ээлерин жана каржы мекемелерин алдап жүргөнү үчүн эл аралык издөөдөгө алынган жаран Орусиядан кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы кабарлады.

[su_quote]Ош облусунун 41 жаштагы тургуну 2010-жылы жеке нотариус менен алдын ала сүйлөшүп алып, турак-жайдын ээсинин жеке макулдугу жок, өзү үй ээсинин колун жасап койгон, ал эми 2012-жылы кыймылсыз мүлктү банкка коюп, 300 000 сом өлчөмүндөгү насыяны өз жубайына каттаган. Андан соң, акча каражатын алгандан кийин ан өз керектөөсүнө коротуп, банкка материалдык чыгым келтирген.[/su_quote]

Азыркы учурда шектүүнү Кыргызстанга алып келүү аракеттери жүргүзүлүүдө.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>