Эл аралык олимпиадага окуучуларды тандоодо чыр чыкты

Эл аралык олимпиадага окуучуларды тандоодо чыр чыкты

Билим берүү жана илим министрлиги физика боюнча эл аралык IPhO олимпиадасына кыргызстандык окуучуларга тандоо турун өткөрбөстөн, өзүм-билемдик менен тааныш-билиштеринин балдарын акча алуу менен жөнөтүүдө. Мындай доомат менен “Репортерго” аталган сынакка катышкысы келген балдардын биринин атасы Жолочу Конушбаев кайрылды. 

Анын айтымында, эл аралык олимпиадага окуучуларды жөнөтүү үчүн министрлик тийиштүү тандоо турун өткөрбөй туруп эле коррупциялык аракеттерге барып, тааныш-билиштик менен бара турган балдарды тандап алган.

“Министрлик окуучулар арасында тандоо сынагын уюштурбай туруп, мындан бир жыл мурун өткөн сынактын жыйынтыгын эске алуу менен, коррупциялык схемаларды колдонуп, тааныштарынын балдарын жиберүүдө. Биз балдарыбызды бир жыл бою даярдоо курстарына жиберип эл аралык сынакка даярдасак тандоо турун өткөрбөй коюшту”, -дейт Конушбаев.

Жолочу Конушбаев уулун дал ушул физика боюнча эл аралык IPhO олимпиадасына катыштыруу үчүн атайын мугалимдерди жалдап окуткан. Жыйынтыгында ата-эненин да, окуучунун да эмгеги текке кетип, тандоо сынагы уюштурулбастан, министрликте иштегендердин тааныш-билиштеринин балдары  жолдомо алышкан.

“Биз бир жыл бою мугалимдерди жалдадык, чет элден да атайын мугалим чакырып келгенбиз. Эми мына биздин эмгегибиз күйүп кетип жатат, каражат коротук, андан да бир жыл даярданган баланын эмгеги күйдү”, — дейт Жолочу Конушбаев.

Аталган маселе боюнча кайрылганыбызда бизге Билим берүү жана илим министрлигинин Мектепте жана мектептен тышкары билим берүү башкармалыгынын башкы адиси  Айнура Кусеинова жооп берди. 

Ал аталган эл аралык сынакка балдар жыл башында өткөн альтернативдик олимпадада тандалганын айтат.

“Биз бул кайрылууну орунсуз деп эсептейбиз.  Анткени IPhO физика боюнча эл аралык олимпиадасына тандоо февраль айында жыйынтыкталган. Анда альтернативдик олимпиада өткөрүлүп, анын жыйынтыгында аталган олимпиадага бара турган 5 окуучу тандалган”, — деди Айнура Кусеинова.

Бирок ал аталган тандоо иш-чарасы пандемияга байланыштуу аягына толук чыкпай калып, эртерээк жыйынтыктоого мажбур болушкандыгын айтты. 

“Биринчи этабы декабрь айында, экинчи этабы январь айында онлайн түрүндө өткөн. Жобо боюнча үчүнчү-төртүнчү баскычтары офлайн түрүндө болмок. Үчүнчү этап февраль айында өттү. Бирок пандемияга байланыштуу массалык иш-чараларды өткөрүүгө тыюу салынгандан кийин март айында өтө турган төртүнчү этап болбой калды. Ага байланыштуу биз төртүнчү этапка өткөн 16 баладан алдыңкы 5 балага жолдомо бергенбиз. Ал олимпиада июль айында болмок бирок пандемияга байланыштуу болбой калган. Жакында чакыруу келиптир, эл аралык олимпиада 7-15-декабрь күндөрү онлайн түрүндө өтөт”, — дейт Кусеинова.

Бизге кайрылган Жолочу Конушбаевдин уулу Бектур Конушбаев да альтернативдик олимпиадага катышкан. Төртүнчү этапка өткөн 16 баланын арасында ал он биринчи болгон. Акыркы этап өтпөй калгандыгына байланыштуу ал аталган 5 “жолдуу окуучунун” катарына кирбей калган. 

“Альтернативдик олимпиада, негизи физика боюнча IPhO эл аралык олимпиадасына тиешеси жок эле нерсе. Ага өзүнчө тандоо өткөрүшү керек эле. Анткилери келбесе, жок дегенде ошол альтернативдик олимпиаданы аягына чейин чыгарышпайбы, үчүнчү турдун жыйынтыгы менен эле 5 баланы өздөрү билип жөнөтүп жиберишпей. Калыстык болушу керек да, балам катышып, калыс өткөн тандоодо утулуп калса да эч нерсе дебейт элем. Менин балам катышпаса деле мейли, жок дегенде альтернативдик олимпиаданын үчүнчү турунда уткан 16 баланын алдыңкы онуна сынак өткөрүп калыс тандашса болмок”, — дейт Конушбаев.

Буга чейин өткөн олимпиадалар дагы дайым башаламандык менен коштолуп келерин айткан Конушбаев, Кыргызстанда билим берүү тармагында абал улам оорлошуп жаткандыгын айтат. 

Окуя кандай өңүттө өнүгөт көз салып турмакчыбыз.

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>