Site icon Reporter.kg

Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясы Камбар-Ата-1 ГЭСи долбооруна каражат бөлөт

Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясы Камбар-Ата-1 ГЭСи долбоорун техникалык колдоого кошумча 13,6 млн доллар каражат бөлөт. Өлкө башчы тиешелүү макулдашууну ратификациялады. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.

Маалыматта айтылгандай, бөлүнгөн каражаттын ичинен 11 млн доллары – насыя жана 2,6 млн доллары – грант.

Насыянын шарттары:

– мөөнөтү – 50 жыл;
– жеңилдетилген мезгил – 10 жыл;
– пайыздык чен – 0 %;
– каражаттарды резервдөө үчүн комиссия – 0,5 %.

 

 

Exit mobile version