Site icon Reporter.kg

Эл аралык турнир: Акжол Махмудов жарым финалга чыкты

Казакстандын Алматы шаарында өтүп жаткан эркин күрөш боюнча эл аралык турнирде Акжол Махмудов жарым финалга чыкты.

Кыргызстандык турнирде 82 килограммга чейинки салмак ченинде күч сынашып, 1/4 финалдан чыкты. Махмудов биринчи беттешинде Түркиядан келген спортчу менен беттешип, жеңишке жеткен.

Махмудовдун жарым финалдагы атаандашы грузиялык Торнике Дзамашвили болмокчу.

Exit mobile version