Site icon Reporter.kg

Эл издеп жаткан дарыларды катып алып, бааны көтөрүп жаткандар аныкталды

Эл издеп жаткан гепарин сыяктуу дарыларды кампларга катып алып, дары-дармектердин жасалма тартыштыгын атайылап жасап жаткандар аныкталды. Бул тууралуу премьер-министр Кубатбек Боронов брифингде айтты.

Өкмөт башчынын айтымында, ушул сыяктуу эки фактынын үстүнөн сотко чейинки өндүрүш башталган. Табылган кампаларда гепарин, левофлоксацин, азитромицин, физрастворлор, ингаверин, арбидол жана башка дарылар болгон.

Мындан башка, дары-дармектердин бааларын негизсиз кымбаттаткан жана мыйзамсыз ташып келген 27 факт боюнча сотко чейинки өндүрүш жүрүүдө.

Exit mobile version