Бүгүн, 23-апрелде Жогорку Кеңештин жыйынында эл өкүлү Камила Талиева УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевди Кыргызстандын баатыры деп атады.
«Өткөн жумада өлкө үчүн маанилүү окуя болду. Камчыбек Ташиев Баткен облусуна барып, элге дем берип, чек ара сызыгы такталып баштаганын айтып,чогулгандарды жана мени абдан кубантты. Эми Кыргызстан эгемендүү өлкө деп так айта алабыз.
Ондогон аксакалдар Кыргызстандын баатыры, патриот жигитке ыраазычылык билдирип, муну парламентте жарыялоомду суранышты», — деп билдирди Талиева.