Site icon Reporter.kg

“Эл Үмүтү” социал — саясий партиясынын талапкерлеринин тизмеси бекитилди

Бүгүн Бишкек шаарында 2021-жылдын 28-ноябрына белгиленген Жогорку Кеңештин депутаттарынын шайлоосуна катышып жаткан «Эл Үмүтү” социал — саясий партиясы аймактардагы өкүлдөрүнүн жана коомдук-саясий ишмерлердин катышуусунда партиянын курултайын өткөрүп, анда өзүнүн программасын жана талапкерлердин тизмесин мыйзам талап кылгандай, жашыруун добуш берүү менен бекитти.

“Эл Үмүтү” социал — саясий партиясы бул сапар Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлерди өзгөчө ыкма менен тандады. Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу ачык онлайн праймериз жарыяланып, анда 25 жаштан 45 жашка чейинки жогорку билимдүү, коррупцияга аралашпаган, коомго жана өлкөгө пайдалуу иш жасаган жарандар primarieskg.org сайтына анкета толтуруп, өздөрүнүн талапкерлигин аталган сайттын колдонуучуларынын талкуусуна коюшкан. Жыйынтыгында, онлайн-праймеризге 229 талапкер катышып, ага 5000ден ашуун кыргызстандык добуш берген. Эрежеге ылайык эң көп добуш топтогон алдыңкы талапкерлер партиянын тизмесине киргизилсе, калган катышуучулар партияга мүчө катары кабыл алынды. Бул ыкма талапкерлердин таза, калыс тандалышына шарт түзүп берди.

Партия лидери Аскар Алмаз уулу онлайн праймеризге активдүү катышкан кыргызстандыктарга ыраазычылык билдирип, партия талапкерлерди аныктоо үчүн жүргүзүлгөн онлайн праймеризде добуштарды көбөйтүүгө умтулган 14 талапкердин тизмеден четтеткенин кошумчалады. Анын себеби бул адамдар одоно ыкмаларды колдонуу менен көбүрөөк добуш топтоого аракеттенишкен. Жаңыча көз караштагы таза жаштар мындай ишке жол беришкен эмес.

Талапкерлердин тизмесин демилгелүү жаштар борборунун төрагасы, «Эл Үмүтү» социал — саясий партиясынын төрагасы Алмаз уулу Аскар жетектеди. Белгилей кетсек, партияга жаш активисттер, дарыгерлер, укук коргоо кызматкерлери, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгендер, спортчулар, пандемия учурунда кыргызстандыктарга жардамга кол сунган волонтерлор кирип, алдыңкы катардагы 10 талапкер төмөндөгүдөй тартип менен тизмеге жайгашты:
1. Аскар Алмаз уулу
2. Болот Ибрагимов
3. Дамирбек Давлянов
4. Канышай Рыспек кызы
5. Эртай Исаков
6. Вячеслав Николаев
7. Алибек Ташматов
8. Бактыгүл Аширматова
9. Тариель Абдыкеримов
10. Болот Сагынаев

Exit mobile version