Site icon Reporter.kg

Эламан Ураимовдун эрдиги тууралуу тасма тартуу сунушталды

Бүгүн, 26-январда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Шайлообек Атазаов кыргыз-тажик чек арасындагы кол салууда курман болгон Эламан Ураимовдун эрдиги тууралуу тасма тартууну сунуштады.

Анын айтымында, чек арачылардын эрдиги даңазаланышы керек.

“Биз чек арада мекен үчүн курман болгон жоокерлердин эрдигин даңазалышыбыз керек. Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине  жаштарга үлгү боло тургандай тасма тартуу боюнча тапшырма берсеңиздер. Чек арада курман болгон жоокерлер — алар бүгүнкүнүн Чолпонбайлары”, — деди депутат.

29 жаштагы Эламан Ураимов Кара-Суу районунун Савай айылында туулган. Суворов мектебин, кийин Калыйнур Үсөнбеков атындагы Аскер институтун аяктап, Чек ара кызматынын Баткендеги бөлүмүндө кызмат өтөп жаткан. Жакындарынын айтымында, ал курчоодо калып, туткунга түшпөс үчүн өзүн тажик тараптын 5-6 аскери менен кошо жардырган.

Эламан Ураимовдун артында келинчеги жана эки баласы калды.

Курман болгон аскерлерге «КР Баатыры» наамын берүү сунушталды

 

Биздин Телеграм каналыбызга катталыңыз
Exit mobile version