Site icon Reporter.kg

Элчи Өмүрбек Текебаевди милиционерлер ИИМге алып кетишти

Кыргызстандын Германиядагы элчиси Өмүрбек Текебаевди милиция кызматкерлери ИИМдин Башкы тергөө башкармалыгына алып барышты. Бул тууралуу анын жактоочусу Искен Афиджанов 6-ноябрда билдирди.

Анын айтымында, эмне үчүн алып баратышканы азырынча белгисиз.

“Өмүрбек Текебаев Бишкекке бир күн мурун келген”, — деди жактоочу.

Ал эми ИИМден Reporter.kg′ге билдиришкендей, Өмүрбек Текебаев буга чейин «массалык баш аламандык уюштурууга аракет кылган» деген шек менен кармалган активист жана саясатчылардын иши боюнча күбө катары чакырылган. Сурактан кийин ал кое берилет.

Белгилей кетсек, Өмүрбек Текебаев элчи катары дипломатиялык кол тийбестикке ээ болгондуктан, аны кармоого болбойт.

Эске салсак, буга чейин Өмүрбек Текебаев Кемпир-Абад суу сактагычын коргоо боюнча комитеттин мүчөлөрүн колдоп чыккан. Камакка алынгандардын арасында “Ата Мекен” партиясынын өкүлдөрү Асия Сасыкбаева менен Гүлнара Журабаева да бар.

Эки айга камалган саясатчы, активисттердин тизмеси

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version