Site icon Reporter.kg

Элчи түрк бийлигинен кыргыз жарандары үчүн бекер дарылануу квотасын көбөйтүүнү сурады

Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Руслан Казакбаев түрк бийлигинен кыргызстандыктарга акысыз дарылануу үчүн жыл сайын берилүүчү квотаны көбөйтүүнү суранды. Бул тууралуу ТИМ билдирди.

Элчи бул өтүнүчүн 7-марта Түркиянын вице-президенти Жевдет Йылмаз менен жолукканда айткан.

Жолугушууда тараптар эки өлкөнүн ортосундагы сооданы жеңилдетүү, кыргыз-түрк инвестициялык фондун түзүү, Кыргызстанда ири инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу маселелери тууралуу сүйлөшүшкөн.

Мындан тышкары саламаттык сактоо жаатындагы кызматташтык талкууланып, Казакбаев Түркиянын медициналык мекемелеринде Кыргызстандын жарандарынын бекер дарылануусуна жыл сайын берилүүчү квотаны жаңыртуу жана көбөйтүү өтүнүчү менен кайрылган.

Exit mobile version