Site icon Reporter.kg

Элчилик: Аттокуров орус жараны Кыргызстан Орусияга кошулат деген анын жеке пикири

Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги мурдакы элчи Раимкул Аттокуровдун билдирүүсү боюнча үн катты. Элчилик Раимкул Аттокуров Орусиянын жараны экендигин жана ал өзүнүн жеке пикирин билдиргендигин кабарлады.

«Кыргызстан — көз карандысыз, эгемен мамлекет, эл аралык укуктун субъектиси жана эл аралык мамилелердин толук кандуу катышуучусу болуп саналат. Кыргызстандын жетекчилиги мамлекетибиздин эгемендүүлүгүн, аймактык бүтүндүгүн сактоо жана улуттук кызыкчылыктарын коргоо боюнча бекем саясий багыттагы иш алып барып жаткандыгын өзгөчө белгилеп кетебиз. Ошону менен бирге кыргыз-орус мамлекеттер аралык мамилелер өз ара сый, өз ара түшүнүшүү жана бири-бирин колдоо нугунда динамикалуу түрдө өнүгүп жатат», — деп айтылат элчиликтин мааалыматында.

Мындан сырткары элчилик коомчулукту, кыргыз диаспоралык уюмдардын лидерлерин элди дүрбөлөңгө салуучу, мамлекеттин кызыкчылыгына зыян келтирүүчү ой-пикирлерин коомго жарыялоодон алыс болууга чакырат.

Буга чейин Раимкул Аттокуров Россиянын «Правда.ру» порталына берген интервьюсунда «Кыргызстанда Россиянын курамына кирүү мүмкүндүгү тууралуу маселе талкууланып жатат» деген пикирин билдирген.

Кийин айрым ЖМКларга маек берип, өзүнүн эмес, коомчулуктун пикирин билдиргенин, бул тема диаспорада эмес, мигранттар арасында талкууланып жаткандыгын айткан.

Exit mobile version