Site icon Reporter.kg

Элчилик: Орусияда жүрөк титиреткен авариядан 2 кыргызстандык мүрт кетти

Бул маалыматты Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги маалыматты Reporter.kg′ге тактады.

Такталган маалыматка караганда, Тула облусунда 23-сентябрында «P-22 «Каспий»» шоссесинде эртең менен болгон кырсыктын кесепетинен Кыргызстандын эки жараны, 1986-жылы туулган эркек жана 1987-жылы туулган аялдын каза болгонун тастыктайт. Жалпысынан кырсыктан төрт адам каза болгон.

Окуянын чоо-жайы боюнча, Россия Федерациясынын Кылмыш-жаза кодексинин 264-берене 5 б. (жол эрежесин бузуу, байкабастыктан экиден ашык адамдын өлүмүнө алып келген) боюнча кылмыш иши козголду.

Орусия: Жүрөктү титиреткен авариядан кыргызстандык каза болушу мүмкүн (ФОТО)

Exit mobile version