Site icon Reporter.kg

Элчилик үйү суу астындагы калган Оренбургдагы кыргыздар жөнүндө кабарлады

Тышкы иштер министрлиги Оренбург облусундагы суу ташкыны боюнча абалга көз салууда жана бул аймакта жашаган кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү менен байланышта. Бул тууралуу Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги билдирди.

Аталган аймактарда жабыркаган кыргыздар тууралуу маалыматтар такталууда.

Белгилей кетсек, кечээ парламенттин жыйынында Оренбургдун чет жакасында кыргыздар жашаган айылды суу каптап, бир нече үй-бүлө турак жайсыз калганы айтылган.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version