Site icon Reporter.kg

«Элди талаага алып барып койду». Депутат Батыш унаа бекетин көчүргөн мэрияны сындады (видео)

Бишкектин мэриясы Батыш унаа бекетин көчүрүп, элди, таксисттерди эч бир шарты жок талаага таштап салды. Бул тууралуу депутат Дастан Жумабеков Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

Жумабеков Батыш унаа бекетинен жарандар Талас, Жалал-Абад, Ош облустарына каттап турганын айтты.

«Ал жакта эч кандай шарт түзүлбөптүр. Шагыл төгүп, тегерегине контейнер орнотуп коюптур. Бирок бир да инфраструктура жок. Ал жерге күнүнө канча деген киши келип-кетет, канчалаган такси айдоочулары турат. Бир дааратканасы, ашканасы, намаз окуй турган жери жок. Ал жер кышында да өтө суук, жайкысын ысык болот. Биздин жарандар ал жерде кыйналат. Убактылуу болсо да, шарттарды түзүш керек эле да. «Жаңы унаа бекети курулат, күтүп тургула» деп элдин чыдамы менен ойногонго болбойт. Шарт түзүп, убактылуу деп көчүрө берсин, ага эл да, таксисттер да макул болуп жатат. Бирок талаага алып барып, «ушул жерден каттамдар жүрөт» деп таштап койгон болбойт», — деди ал.

Ал Бишкектин мэриясы тиешелүү шарттарды түзбөй, унаа бекетин көчүрүп салганы ката чечим болгонун билдирди.

«Ал жердеги кишилер – биздин эл. Эл, таксисттер Бишкекке жумуштары менен келип жатат, ойногону келбейт. Ооруканага көрүнөбүз деп келгендер бар. Шарт түзбөгөндөн кийин көчүрбөй турса болмок. Шарт түзүп, андан кийин көчүрүш керек эле», — деди ал.

 

Exit mobile version