Site icon Reporter.kg

Элдик курултай: Делегат мээнети акталбай жаткан дыйкандардын көйгөйүн көтөрдү (видео)

Дыйкандар жер үлүшү үчүн Социалдык фондго төлөмдөрдү төлөө учурунда көйгөйлөргө туш болуп жатышат. Бул тууралуу Ысык-Ата районунан келген делегат Акан Иманов III Элдик курултайда билдирди.

Ал белгилегендей, Кыргызстанда мыйзамсыз курулуштар жүргүзүлгөн жер тилкелер жер амнистиясы боюнча жөнгө салынып, кызыл китептер берилди. Ошондой эле, кыймылсыз мүлктөр мыйзамдаштырылды.

«Социалдык фондго төлөө үчүн барганда 1995-жылдан бери эсептеп жатышат. Ошол жылдан бери эсептегенде биз 70 миң, 100 миң сомго чейин социалдык чегерүүлөрдү төлөөгө мажбур болуп жатабыз. Эгерде салыкты ала турган болсок, анда алты жылга төлөп жатабыз», — деген делегат дыйкандарга жеңилдиктерди берүүнү суранды.

Мындан тышкары, Акан Иманов мээнети акталбай жаткан дыйкандардын көйгөйүн көтөрдү.

«Быйыл дыйкандар миллион тоннага жакын кант кызылчасын өндүрүштү. Бул көрсөткүч абдан жакшы. Бирок, биздин айылда кант кызылчасы талаада калып калган дыйкандар бар. “Кайыңды-Кант” заводу монополист болду. Ал заводдон урук сатып албасак, дыйкандар менен келишим түзбөйт. Биз алардан дары-дармектерди сатып албасак, кезекке туруубуз кыйындайт. Кызылча өткөргөндө 9-10 пайызга чейин кир деп эсептешет. Эгерде 100 тонна кызылча өткөрсөк, анын 10 тоннасын завод алып коюп жатат. Бул дыйкандарга кыйынчылык жаратууда”, — деген делегат кант кызылчасын кайра иштетүүчү завод салып берүүнү суранды.

Ошондой эле, ал жүгөрү иштетүү тармагы дагы аксап турганын айтып, мурдагы жылдары 15 сомдон сатылган жүгөрүнүн баасы быйыл 11 сомго чейин түшкөнүн белгилеп, жүгөрү иштетүүчү завод салып берүүнү өтүндү.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version