Site icon Reporter.kg

Элдик курултай: ИИМ жарандардын кайрылууларын кабыл алды

Ички иштер министри Улан Ниязбеков Элдик курултайга катышкан делегаттарды кабыл алды. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы билдирди.

ИИМден белгилешкендей, республиканын бардык жеринен келген делегаттар элдин коопсуздугун камсыздоодо, кылмыштуулук менен күрөшүүдө ички иштер органдарынын кызматкерлеринин ролу чоң экенин белгилешти.

«Мындан тышкары, делегаттардын арыздарын ички иштер министринин биринчи орун басары Адылбек Бийбосунов, министрдин орун басары Октябрь Урмамбетов жана ИИМдин кызматтарынын жана башкы башкармалыктарынын жетекчилери кабыл алышты. Элди кабыл алууда 40ка жакын кайрылуулар түштү, арасында ички иштер органдарынын кызматкерлеринин оор ишине ыраазычылык билдиргендер дагы аз эмес», — деп билдиришти ИИМден.

Ички иштер министри Улан Ниязбеков делегаттар тарабынан түшкөн кайрылуулар, айтылган сунуштар эске алынарын билдирген.

«Ар бир жарандын арызы, кайрылуусу, суроосу жоопсуз калбайт. Биздин башкы максат – элдин тынчтыгын жана коопсуздугун камсыздоо», — деди ал.

ИИМдин жетекчилиги арыз менен кайрылган ар бир делегаттын маселелерин карап чыгып, тиешелүү чаралар көрүлө тургандыгын белгилейт.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version