•  +(996) 557 67 66 40
  •  press@reporter.kg
ЖАҢЫЛЫКТАРКООМ

ЭЛДИК РЕПОРТЕР: Өзгөндө 20 жылдыктар мектептин алдына асфальт төшөп беришти

Өзгөн районунун Кара-Дыйкан айылында мектепти бүткөнүнө 20 жыл болгон классташтар айылдагы Тагай Ташмаматов атындагы мектептин алдына асфальт төшөп берди. Бул тууралуу “Элдик репортерго” айыл тургуну Арапбай Токсобаев кабарлады.

Айыл тургунунун айтымында 1983-жылкы мектеп бүтүрүүчүлөрү мектептин алдын  асфальттоого жана , мектептин айланасына тосмо орнотуу үчүн 600 миң сом чогултушкан.

“Карантинде 20 жылдык жолугушуу өткөрүшпөсө дагы, акча чогултуп мектепке жардам беришти. Негизинен алар мектептин алдындагы 800 чарчы метр аятка асфальт төшөп беришти.  Мындан сыткары 1992-жылкы бүтүрүүчүлөр айылдагы суу өтпөй калган арыктарды тазалап беришти.  Айылыбызга жардам берген мындай иштер жыл сайын жасалып турат”, – деди Токсобаев.

Урматтуу окурман сиз дагы өзгөчө окуяга күбө болсоңуз же кызыктуу жаңылыгыңыз болсо биздин ЭЛДИК РЕПОРТЕР бөлүмгө же WhatsApp аркылуу 0557 67 66 40 номуруна жиберсеңиз болот.

Сунушталган жаңылыктар
ЖАҢЫЛЫКТАРКООМ

Быйыл акыркы коңгуроо онлайн форматта өтөт

ЖАҢЫЛЫКТАРКООМ

Быйыл мектеп бүтүрүүчүлөрү үчүн акыркы коңгуроо өткөрүлбөйт

ЖАҢЫЛЫКТАРКООМ

Мектепте быйыл окуу жылы 30-майда аяктайт

ЖАҢЫЛЫКТАРИлим-билим

Билим министрлиги ЖРТга каттоо жана ЖОЖго тапшыруу этаптарын жарыялады

Комментарий кош

Сиздин э-почта сайтта көрсөтүлбөйт. Зарыл түрдө толтуруу керек болгондор *