ЭЛДИК РЕПОРТЕР: Өзгөндө 20 жылдыктар мектептин алдына асфальт төшөп беришти

ЭЛДИК РЕПОРТЕР: Өзгөндө 20 жылдыктар мектептин алдына асфальт төшөп беришти

Өзгөн районунун Кара-Дыйкан айылында мектепти бүткөнүнө 20 жыл болгон классташтар айылдагы Тагай Ташмаматов атындагы мектептин алдына асфальт төшөп берди. Бул тууралуу “Элдик репортерго” айыл тургуну Арапбай Токсобаев кабарлады.

Айыл тургунунун айтымында 1983-жылкы мектеп бүтүрүүчүлөрү мектептин алдын  асфальттоого жана , мектептин айланасына тосмо орнотуу үчүн 600 миң сом чогултушкан.

“Карантинде 20 жылдык жолугушуу өткөрүшпөсө дагы, акча чогултуп мектепке жардам беришти. Негизинен алар мектептин алдындагы 800 чарчы метр аятка асфальт төшөп беришти.  Мындан сыткары 1992-жылкы бүтүрүүчүлөр айылдагы суу өтпөй калган арыктарды тазалап беришти.  Айылыбызга жардам берген мындай иштер жыл сайын жасалып турат”, — деди Токсобаев.

[su_image_carousel source=»media: 29208,29207,29209,29210,29211,29212,29213,29215,29216,29218,29219,29220,29221,29222,29223″ crop=»none» autoplay=»4″]

Урматтуу окурман сиз дагы өзгөчө окуяга күбө болсоңуз же кызыктуу жаңылыгыңыз болсо биздин ЭЛДИК РЕПОРТЕР бөлүмгө же WhatsApp аркылуу 0557 67 66 40 номуруна жиберсеңиз болот.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>