ЭЛДИК РЕПОРТЕР: Бишкекте эки жеңил унаа кагышты. Жабыркагандар бар

ЭЛДИК РЕПОРТЕР: Бишкекте эки жеңил унаа кагышты. Жабыркагандар бар

Бишкек шаарынын Лев Толстой жана Ибраимов көчөлөрүнө жакын жерде унаа кырсыгы болду. Бул тууралуу окуяга күбө болгон окурман “Репортерго” билдирди.

Анын айтымында кырсык 26-май күнү саат 08:40 чамасында болгон.

“Mercedes үлгүсүндөгү унаа менен дагы бир унаа кагышыптыр, жабыркагандар да бар окшойт, окуя болгон жерге “Тез жардам” унаасы келди”, — деп билдирди окурман.

Милициянын кайгуул кызматы кырсыктын себептери такталып жатканын айтып, маалымат бир аз убакыттан соң берилерин билдирди.

Урматтуу окурман сиз дагы өзгөчө окуяга күбө болсоңуз же кызыктуу жаңылыгыңыз болсо биздин ЭЛДИК РЕПОРТЕР бөлүмгө же WhatsApp аркылуу 0557 67 66 40 номуруна жиберсеңиз болот.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>