ЭЛДИК РЕПОРТЕР: Курулуш компаниясы жолду бузуп, элди түйшүккө салууда

ЭЛДИК РЕПОРТЕР: Курулуш компаниясы жолду бузуп, элди түйшүккө салууда

Бишкектин Жал кичирайонундагы Курчатов көчөсүн жеке курулуш копаниясы  суу түтүктөрүн өткөрүү үчүн казып, кайра жолду толук оңдобой койгон. Бул тууралуу ошол аймактын жашоочулары “Элдик Репортер” рубрикабызга кайрылууда.

Тургундардын айтымында, жол бир айдан ашык убакыттан бери одолбогон абалда турат.

“Бир-эки жума болсо мейли дейт элек, бир айдан бери ушул абалда турат. Жолду казган соң кайра өзүндөй кылып оңдоп коюшу керек да. Шамал болсо бул жердеги үйлөргө чаң кирет, жамгыр жааса баткак болуп, бизди кыйынчылыкка салып жатат. Ушул маселеге тиешелүү жактар көңүл буруп койсо болот эле”, – деди аталган даректин жашоочусу.

 

Урматтуу окурман сиз дагы өзгөчө окуяга күбө болсоңуз же кызыктуу жаңылыгыңыз же айтайын деген көйгөйлөрүңүз болсо биздин ЭЛДИК РЕПОРТЕР бөлүмгө же WhatsApp аркылуу 0557 67 66 40 номуруна жиберсеңиз болот.

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>