«Элдин үмүтү сиз менен байланышта». Роза Отунбаева Садыр Жапаровду куттуктады

«Элдин үмүтү сиз менен байланышта». Роза Отунбаева Садыр Жапаровду куттуктады

Кыргызстандын мурдагы өлкө башчысы Роза Отунбаева Садыр Жапаровду президент кызмат ордуна шайланышы менен куттуктады.

Отунбаева Жапаровду өлкө өтө оор социалдык жана экономикалык кризиске туш болуп турган кезде келип жатканын айтып, элдин үмүтү жана келечекке болгон ишеними аны менен байланышта болуп турганын белгиледи.

Роза Отунбаеванын куттуктоо сөзүн толугу менен төмөндө беребиз:

“Урматтуу Садыр Нуркожоевич, сизди Кыргыз Республикасынын Президенти кызмат ордуна шайланышыңыз менен чын ыкластан куттуктайм!

Бул кызматка Өлкө өтө оор социалдык жана экономикалык кризиске тушугуп турган кезде келип жатасыз. Учурда элдин үмүтү жана келечекке болгон ишеними Сиз менен байланышта болуп турганын өткөн шайлоонун жыйынтыгы таасын көрсөттү, шайлоочулардын басымдуу көпчүлүгүнүн добушуна ээ болдуңуз. Алдыда татаал реформалар турат. Менин терең ишенимимде ар бирибиз өткөөл мезгилдин кыйынчылыктарын түшүнүү менен колдоо көрсөтө алсак гана ийгилик болот. Элибиз “жабыла көтөргөн жүк жеңил болот” – дейт эмеспи.  Коомдогу бардык күчтөрдүн башын бир максатка бириктирип, бир багытка баштоого дараметиңиз жете турганына, Сиздин жетекчилик менен Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүнүн отузунчу жылы чоң бурулуштардын жылы боло турганына  ишенем”, — деп жазган экс-президент Отунбаева.

Белгилей кетсек, 10-январда өлкөдө мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо болуп өттү, БШК берген алдын-ала жыйынтыкда Садыр Жапаров 80 пайыздын тегерегиндеги шайлоочулардын добушуна ээ болгон.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>