Site icon Reporter.kg

Элдин эмес, президенттердин гана баатырлары бар, — Бекназаров

Бүгүн, 8-сентябрда Азимбек Бекназаров элчиликтен кеткенден кийин биринчи жолу маалымат жыйын өткөрүп,  Кыргызстандагы коомдук саясий абал тууралуу айтып,  соңку саясий окуяларга токтолду.

Ал Кыргызстандын айрым саясатчыларына «Кыргыз Республикасынын Баатыры» наамын ыйгаруу маселеси боюнча оюн билдирди.

Буга чейин өткөн жумада президент Садыр Жапаров бир катар инсандарга “Кыргыз Республикасынын Баатыры” жогорку даражадагы сыйлыктары менен бирге мамлекеттик сыйлыктарды тапшырган. Жогорку наамга ээ болгондордун арасында экс-премьер-министр Апас Жумагулов, экс-спикер Медеткан Шеримкулов жана УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев бар.

«30 жылдан бери Кыргызстанда 30дан ашык баатыр бар. 30 баатыры бар өлкө ушул убакка чейин гүлдөш керек болчу, бирок андай болгон жок. Ошондуктан Кыргызстанда элдик баатырлар эмес, президенттик батырлар. Акаевдин, Бакиевдин,  Отунбаеванын, Атамбаевдин, Садыр Нуркожоевичтин баатырлары бар», — деди ал. Бекназаровдун пикири боюнча, Алмазбек Атамбаевди гана чыныгы баатыр деп айтууга болот. «Ушул президенттик баатырлардын ичинен менин оюмча, чыныгы баатыр бул — досум Сокенин (Сооронбай Жээнбеков) баатыры Атамбаев. Ал чыныгы баатыр! Эмнеге экенине жооп берейин.  Анткени ал, түрмөдө болсо дагы, анын позициясы башкага жагабы же жакпайбы күрөшүп жатат.  Башка баатырлар, мисалы Апас Жумагулов, ким эле. Ал убагында Акавдин жоокери болчу”, — деди ал.

Эске салсак, 2017-жылдын ноябрь айында жаңы шайланган президент Сооронбай Жээнбековдун алгачкы жарлыгы менен Алмазбек Атамбаевге “Кыргыз Республикасынын Баатыры” наамы берилген. Бирок мурдагы президент эч качан наам алган эмес.

Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Exit mobile version