Элечек ЮНЕСКОнун маданий мурастар тизмесине кирди. Бул тууралуу Кыргызстандын Франциядагы элчиси жана аталган эл аралык уюмдагы өкүлү Садык Шер Нияз билдирди.
Чечим Касане шаарында өтүп жаткан жыйында кабыл алынды.
Маданий мурастардын тизмесине тажиктердин атласы жана адрасы дагы кошулду. Түркмөндөрдүн ахалтеке аттарын таптоо өнөрү дагы катталганы кабарланат.
Белгилей кетсек, элечектин учурда 18 турү иликтенип, анын 14ү этнодизайнер Асел Калкановага катталган.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз