Site icon Reporter.kg

Электр каатчылыгы: Украиналыктар тезекке өтүшү мүмкүнбү?

Украинада жакынкы күндөрү социалдык обьектилер жапырт жабылып, эл тезекке өтүшү мүмкүн. Мындай эскертүүсүн жергиликтүү “Наш” телеканалына Жогорку раданын депутаты Михаил Волынец айтып чыкканын РИА Новости жазды.

“Мунун баары электр энергиясынын жетишсиздигинен болуп жаткан анализ. Элге эскертип коюшубуз керек, жок дегенде тезек терип, кургатканга үлгүрүп калышсын. Анткени, эл өзүнө гана ишениши керек. Бийликке эмес”- деди Волынец.

Украинада электр энергиянын тартыштыгы жаралганы кабарланууда.

Exit mobile version