“Электр станциялары» ишканасынын директорунун орун басары Азамат Жөөтуманов 20-октябрда мезгилсиз дүйнөдөн кайтты.
«Улуттук энергохолдингдин» маалымат кызматынан билдиришкендей, анын өлүмүнүн болжолдуу себеби жүрөк оорусу менен байланыштуу.
Маркум Жөөтуманов 39 жашта болчу. Анын артында үй-бүлөсү, төрт баласы калды.