Site icon Reporter.kg

Электр жарыгын өчүрүү суук бүткөнчө уланат, — энергетика министри (видео)

Бүгүн, 19-январда Жогорку Кеңештин жыйынында калкты жылуулук, электроэнергия жана суу менен камсыз кылуу маселелери каралып жатат. Бул боюнча энергетика министри Таалайбек Ибраев маалымат берүүдө.

Жыйында депутат Дастан Бекешев электр жарыгын өчүрүү качан токтой турганын сурады.

Министри депутаттын суроосуна жооп берип жатып: “Эгерде суук уланса, анда электр жарыгын өчүрүүлөр уланат. Анткени бизде кошумча генерация кылууга мүмкүнчүлүк жок”, — деди.

Ошондой эле, депутат өчүрүүлөрдүн графиги берилбегенине токтолду. Бирок, Таалайбек Ибраев кышка карата даярдык көрүү учурунда эле электр жарыгын өчүрүү боюнча график түзүлгөнүн айтты.

Министр алгач кубаттуулугу көбөйгөн райондордо жарык өчүрүлүп баштаганын айтып, учурда системалык авариянын алдын алуу үчүн саат 07:00дөн 16:30га чейин чектөөлөр киргизилип жатканын белгиледи.

Буга чейин министр электр станцияларынын мүмкүн болгон кубаттуулугу 3356 мегаватты түзөрүн белгилеген.

“Ошону менен бирге айрым убактарда керектүү кубаттуулугу 3740 мегаваттка чейин чыгууда. Тагыраагы, тартыштык 400 мегаваттан ашууда. Андыктан электр жабдууларын сактоо жана авариялык өчүрүүлөрдүн алдын алуу максатында электр энергиясын чектөөгө аргасыз болуудабыз. Эгерде энергетиканы керектөө кубаттуулугу өз убагында азайтылбаса Кыргызстандын эле эмес, жалпы Борбор Азияны бириктирген энергетика тутуму авариялык абалга келиши мүмкүн”, – деди  Таалайбек Ибраев.

Биздин Телеграм каналыбызга катталыңыз
Exit mobile version