Электрондук кызмат кѳрсѳтүүлѳрдүн порталынын жаңы версиясы ишке киргизилет

Электрондук кызмат кѳрсѳтүүлѳрдүн порталынын жаңы версиясы ишке киргизилет

2020-жылы коронавирус пандемиясынын шарттары дүйнөдө санариптик кызмат көрсөтүүлөрдүн тез өнүгүүсүнө жол ачты, айрыкча дүйнө элинин санариптик технологияларды тезирээк үйрөнүп, көбүрөөк колдонуусуна түрткү болду. Мындай пикирин өкмөт башчы 23-сентябрда маалымат жыйында билдирди.

Боронов дүйнөлүк экономисттер коронавирус экономиканы санариптештирүүнү 10 эсеге тездетти деген тыянак чыгарганын белгиледи.

«Президенттин жарлыгына ылайык, «Санарип Кыргызстан – 2019-2023» Концепциясын ишке ашыруунун алкагында “Түндүк” ведомстволор аралык системасы иштеп баштаган. Анда тейлөөчү 631 электрондук сервис иштейт. Сан менен айтсак, 2020-жылдын ичинде 79 ведомствонун ортосунда 37,8 млн маалымат алмашуулар жүргөн, ал эми мамлекеттин бизнеске карата маалыматтары боюнча 49,2 млн транзакция жасалган», — деп маалымат берди.

Быйыл электрондук кызмат кѳрсѳтүүлѳрдүн мамлекеттик порталынын модернизацияланган жаңы версиясы ишке киргизилгенин айтты.

«Буга чейин 191 мамлекеттик кызмат заявка деңгээлинде турган. Жаңы Порталда 2020-жылдан тартып 51 мамлекеттик кызмат кѳрсѳтүү ишке ашырылды: 46сы – толук автоматташтырылды. 4 кызмат кѳрсѳтүү 14 мамлекеттик органдан табыштама берүү боюнча ишке ашырылат.

Паспорт, туулгандыгы, нике, каза болгондугу ж.б. ар кандай күбөлүктөр, Чернобылга, Баткен окуяларына катышкандыгы боюнча маалым каттар, пенсиялардын көлөмү, жөлөкпулдар, сүйүнчү пул боюнча ж.б. ушул сыяктуу маалыматтарды жана кызматтарды толук автоматташтырылган түрдө ала аласыз.

Порталды өлкө аймагынын сырткары жүргөн жарандар дагы пайдалана алат, аларга да жеткиликтүү. Дагы башка маалыматтарды билгиңиз келсе, жеке кабинет ачсаңыз андан да жакшы. Ал үчүн электрондук кол тамга же 2017-жылдагы ID-паспорттун болуусу абзел.

Ал үчүн жарандарга өлкөнүн бардык аймагындагы Калкты тейлөө борборлорунда, ошондой эле биздин чет өлкөлөрдөгү консулдуктарыбызда акысыз берилет. Учурда 20 миң электрондук кол тамганы акысыз берүү иши башталды», — деди Боронов.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>