Site icon Reporter.kg

Элеттиктер Айбек Алтынбековду колдоого алып, чоң үмүт артууда

Жогорку Кеңештин депутаттыгына бир мандаттуу №15 Базар-Коргон шайлоо округунан талапкер Айбек Алтынбеков элге шайлоо алдындагы программасын тааныштырып, үгүт иштерин жүргүзүүдө. Талапкер бул ирет Базар-Коргон районунун Арстанбап айыл өкмөтүнүн Жайтерек айылынын жана Талдуу-Булак айыл өкмөтүнүн Ак-Терек, Үч-Булак, Кой-Багар, Катар-Жаңгак айылдарынын тургундары менен жолугушуу өткөрдү.

Жолугушунун жүрүшүндө Айбек Алтынбеков алдына койгон максаты жана өлкө экономикасын өнүктүрүү, жарандардын жашоо-турмушун жакшыртуу үчүн жаңы жумуш орундарын түзүү, ата-мекендик чийки заттарды кайра иштетүү, жеңил өнөр-жайларды өнүктүрүү үчүн ички жана тышкы инвестицияларды тартып, инвесторлорго жагымдуу шарттарды түзүү, туризм жана спорт тармагын өнүктүрүү сындуу пландары жөнүндө кеңири айтып берди.

“Өлкөбүздүн өнүгүшүнө жана элибиздин жашоо турмушун жакшыртууга өз салымымды кошсом деген аруу тилек, жакшы ой максаттар менен парламенттин депутаттыгына талапкерлигимди коюп жатам. Ал эми шайлоо алдындагы программам карапайым элдин кызыкчылыгын эске алуу менен даярдалды. Анда куру убадалар эмес, реалдуу ишке аша турган долбоорлорду  сунушталды. Аны жүзөгө ашырууга күчүм жетет”,- деп баса белгиледи Алтынбеков.

Ошондой эле ал шайлоочуларга кайрылып, алдыдагы шайлоодо туура тандоо жасоого чакырды.

“Урматтуу шайлоочулар! 28-ноябрда сиздер бир гана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлабайсыздар, сиздер өлкөнүн беш жылдык тагдырын аныктайсыздар. Эгерде сиздер элибиздин жана  мамлекетибиздин келечегине кайдыгер карабасаңыз, анда 28-ноябрда шайлоо тилкесине келип, мага добуш бересиздер деген үмүттөмүн. Сиздердин колдооңуздар мага өзгөчө чоң дем-күч берет. Сиздер менен биргеликте биз өнүккөн Кыргызстанды, анын ичинде гүлдөгөн шаарларды, райондорду жана айылдарды курарыбызга ишенем жана ага баарыбыз бирге күбө болобуз!”,- деди Алтынбеков.

Иш-чаранын соңунда айылдын ак сакалдары Айбек Алтынбеков башка талапкерлерден айырмаланып, буга чейин эл өкүлү катары парламентте мыкты иштеп, анын аракети менен аймакта бир топ жакшы иштер жасалганын, аймактагы жолдор оңдолуп, көпүрөлөр салынып, таза суу чыгарылганын белгилешти. Андан сырткары, алар Айбек мырза келечектеги жаш муундарга өзгөчө көңүл буруп, бала бакчалар менен мектептерди окуу куралдары, техникалык жабдуулар менен камсыз кылып, аймакты электр энергиясы менен үзгүлтүксүз камсыз кылуу боюнча биртоп иштерди жасаганы үчүн ыраазычылык билдирип, анын талапкерлигин колдошоорун айтышты. Ошондой эле, элеттиктер жер тилкелерин трансформациялоо маселеси соңку 25-30 жылдан бери чечилбей, көйгөйлөрдү жаратып жатканын айтышып, бул маселени чечип берүүнү өтүнүштү.

Өз кезегинде Айбек Алтынбеков элеттиктердин көрсөткөн колдоосу жана ишеними үчүн ыраазычылыгын билдирип, жер тилкелерин трансформациялоо боюнча ар бир маселе акыйкат, мыйзам ченемдерин сактоо аркылуу каралышы керектигин белгиледи.

“Сиздердин колдооңуздар мага чоң дем-күч берет. Бирге иштесек максатыбызга жетебиз!”,- деп сөзүн жыйынтыктады талапкер.

Кыргызстанда 28-ноябрда Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо өтөт. Айбек Алтынбеков шайлоо бюллетенинде 3чү номер менен катышууда.

 

Даярдоочу: «Акчабар» ЖЧКсы. Дареги: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Каракульская көчөсү, №1.

Тапшырмачы: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Айбек Алтынбеков.

Нускасы: 1 даана, чыгарылган датасы: 2021-ж. 20-ноябрь.

«Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Айбек Алтынбековдун шайлоо фондунун каражаттарынан финансы боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Белеков Алмазбек Сатыбалдиевич тарабынан төлөндү.

Exit mobile version