Site icon Reporter.kg

«Элге мактанба». Өзбекстандын муфтийи ажы той өткөрбөөгө чакырды

Өзбекстандын муфтийи Нуриддин Халикназаров Меккеде зыяратта жүргөн жарандарды мекенине баргандан кийин ажы той өткөрбөөгө чакырды.

Ал ысырапкорчулукка жол бербей, элге мактанып, ашыкча шаан-шөкөт уюштуруу диндин талаптарына каршы келерин айтат.

«Сиз бул жерде ибадат кылып жатасыз. Азыр балаңызга чалып, «сен мени шаан-шөкөт менен, көчөгө килем салып тосуп алсаң ыраазы болбоймун», — деп айттың. Ажылыкты биз эл көрсүн деп эмес, Аллаанын ыраазылыгы үчүн аткарабыз. Эгер айылга барган андай ысырапкорчулук кыла турган болсок, анда биз Арафатта берген убадалабыздан не пайда?», — деди Нуриддин Халикназаров.

Ал той өткөргөндүн ордуна муктаж үй-бүлөлөргө жардам берүүнү сунуштады.

Белгилей кетсек, быйыл Кыргызстандан 6 миң 60 адам Меккеге зыяратка кетишкен. Ажылык баасы — 3 миң 750 доллар.

 

Exit mobile version