Елизавета II Садыр Жапаровду президенттикке киришүүсү менен куттуктады

Елизавета II Садыр Жапаровду президенттикке киришүүсү менен куттуктады

Улуу Британиянын Королевасы Елизавета II Садыр Жапаровду президенттик кызматына киришүүсү менен куттуктады. Бул тууралуу мамлекет башчысынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Королева куттуктоосунда Садыр Жапаровго жана кыргыз элине ийгиликтерди каалап, Улуу Британия менен Кыргызстандын өз ара мамилеси дагы бекемделет деген ишеничин билдирген.

«Сизди Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына киришүүңүз менен чын жүрөктөн куттуктаймын. Сизге жана Кыргызстан элине бардык жакшылыктарды каалаймын жана өлкөлөрүбүздүн ортосундагы байланыштар мындан ары дагы өнүгүп, бекемделе берет деп ишенемин», — деп белгиленет куттуктоодо.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>