Башкы прокуратура тарабынан жалпы баасы 5,8 млрд сомду түзгөн «ЭлКат» ЖЧКсы мамлекеттин менчигине кайтарылды. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматы кабарлады.
Белгилүү болгондой, эл аралык байланыш кызматтарын көрсөткөн бул компания мурда мыйзам бузуу жолу менен жеке менчикке өтүп кеткен. Прокуратура жүргүзгөн чаралардын натыйжасында мурда чыккан соттук чечимдер жокко чыгарылып, мамлекеттин мүлккө болгон укугу калыбына келтирилди.