Элмир Досалиев Бишкек шаардык кеңешиндеги «Эмгек» фракциясынын лидери болуп шайланды.
Чечим 18-июнда кабыл алынганын шаардык кеңештен билдиришти.
Эскерте кетсек, буга чейин «Эмгек» фракциясын Жумабек Салымбеков жетектеп келген. Учурда ал Бишкектеги №29 Свердлов округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына ат салышууда.