Элмирбек Иманалиевдин сөөгү жерге берилди

Элмирбек Иманалиевдин сөөгү жерге берилди

Эл артисти, төкмө акын, обончу Элмирбек Иманалиевдин сөөгү бүгүн, 22-апрелде жерге берилди.

Маркумду акыркы сапарга узатуу зыйнатына Жогорку Кеңештин депутаттары, өкмөт өкүлдөрү, акындын үзөңгүлөш чыгармачыл достору, жакындары, шакирттери катышты.

Маркумдун сөөгү Бишкектин Тунгуч кичи районундагы үйүнөн чыгарылып, «Ала-Арча» көрүстөнүнө коюлду.

42 жашында оорудан көз жумган Элмирбек Иманалиевдин артында жубайы жана 3 уулу 3 кызы калды.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>